Редакцияот 08.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 18 – отуруму

2023-жылдын 8-июну № 18/3

Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевдин кызмат ордун кароо жөнүндө

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 18-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевдин 2021- 2022-жыл ичи аткарган иштери боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 15 - пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 9 - пунктунун негизинде айыл өкмөт башчысынын иш-аракеттери боюнча айылдык кеңештин депутаттары тарабынан ишенбестик көрсөтүүдө депутаттардын берген добуштардын жалпы санын 3/2 добушу жетишээрлик эмес санда болгондуктан С. Исаев өз кызмат ордунда калтырылсын .

 

 

2.  Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

К.Т. Исмаилов.