ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 18 – отуруму
2023-жылдын 8-июну № 18/6
Гүлчө айылындагы Алымбек датка сейил багында жайгашкан эмгеги элге сиңген белгилүү инсандардын аллеясындагы “Ардак Тактага” - коомдук ишмер, маданияттын мыктысы, маркум Жусупов Жалилбектин сүрөтүн илүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 18-отуруму, Т. Ажибаев атындагы Алай музыкалык - драма театрынын директору А.Исаковдун кеңешке келген кайрылуусунун негизинде, Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты Тешебаева Айнурдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 1 - пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылындагы Алымбек датка сейил багында жайгашкан эмгеги элге сиңген Алай районунун белгилүү инсандарынын аллеясындагы “Ардак Тактага”- коомдук ишмер, маданияттын мыктысы, маркум Жусупов Жалилбектин сүрөтү илинсин.
2. Кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышы үчүн тиешелүү жумуштарды алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы С.Исаеге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана кеңештин иштери жөнүндөгү маселелер боюнча (Депутаттык этика жана алардын ишмердүүлүктөрү) боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Т. Исмаилов. |