ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 15-марты № 6/28-III
Типтүү жобо бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022 – жылдын 24 – февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй – бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп – адаттарды тартипке келтирүү боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө” № 54 Жарлыгынын негизинде Туз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
Туз айыл аймагында үй- бүлөлүк салтаннаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым – жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү жобо тиркеме ылайык бекитилсин .
Ушул токтомдун аткарылышы жумушчу комиссиясына жүктөлсүн .
Төрага | Б. К. Салтыкеев |
Туз айылдык кеңешинин
2022-жылдын 24-мартындагы
№6 токтому менен бекитилген
Туз айыл аймагында үй-бүлүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
Типтүү жобо
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Үй-бүлөлүк салттанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
5. Үй-бүлөлүк салттанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
5.1. Жергиликтүү комиссия
6. Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгочөлуугүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жааматтын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. Айыл аймагында үй-бүлолүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жонүндө жобону (мындан ары-жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын, курамы айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кенештин депутаттарынан, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзулот.
2.2. Ушул Типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн райондук массалык маалымат каражаттары аркылуу Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3. Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын массалык маалымат каражаттарына жайгаштырылат.
2.4.Жобо ага кызыккан жарандарга айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш тарабынан тааныштырылат.
3. Уй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Уй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлонүү) тою, куда тосуу, маараке салтанаттары ж.б. кирет.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттарды айылдарда жана башка калктуу конуштарда өткөрүүдө бир бодо мал же бир жылкы гана союлсун.
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, үчүлүк, жетилик, кыркылык) өткөрүүдө шартына жараша бирок бир бодо малдан же бир жылкыдан ашык союлбасын. Дасторкон үстү ашыкча жайылбасын. Айыл эли тамака кирбесин. Жаназага туруп, топурак салып таркасын.
4.2. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдары мал союуну эсепке албаганда айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
5. Үй-бүлөлүк салттанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
Жобо ылайык үй-бүлөлүк салттанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү жергиликтүү жумушчу комиссия кирет.
5.1. Жергиликтүү комиссия
5.1.1. Жергиликтүү комиссиянын курамына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, милициянын. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
5.1.2. Жергиликтүү комиссянын мүчөлөрү өлгөндү эске алуу ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссия маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара ( анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.