Редакцияот 06.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

от 6 апрели 2022-года № 11/28-IV

Акча каражат бөлүү жөнүндө

Туз айыл аймагынын социалдык-экономикасынын өнүктүрүү, инфраструктурасын жакшыртуу, бала бакчада орундуктарды көбөйтүү жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында Туз айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шакуловдун “Алтын Балаты” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын эшик, терезелерин алмаштыруу боюнча долбоор жөнүндө угуп талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

“Алтын Балаты” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын  эшик, терезелерин алмаштыруу боюнча долбоордук арызы колдоого алынсы

Туз айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинде “Алтын Балаты” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин  имаратынын  терезе жана эшиктерин алмаштыруу долбоорун биргелешип каржылоого жалпы сметалык наркынан 40% өлчөмүндөгү каражат каралсын. 972778 (тогуз жүз жетимиш эки миң жети жүз жетимиш сегиз) сомго.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. К. Салтыкеев