ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2023-жылдын 27-январы № 11/2
Жаңы-Жол айыл аймагынын борбордук көчөлөрү болгон Н.Жусупбеков жана Мырзабек Болуш көчөлөрүнө айыл тургундарынын жана окуучулардын коопсуздугу үчүн 640 (алты жүз кырк) метр аралыкка жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар куруу долбоорун "артыкчылыктуу долбоор "-деп кабыл алып,долбоорду колдоо үчүн 2023-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн каражат бөлүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кочкорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.Жаңы-Жол айыл аймагынын борбордук көчөлөрү болгон Н.Жусупбеков жана Мырзабек Болуш көчөлөрүнө айыл тургундарынын жана окуучулардын коопсуздугу үчүн 640 (алты жүз кырк) метр аралыка жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар куруу долбоору "артыкчылыктуу долбоор"-деп кабыл алынсын.
2.Долбоорду колдоо үчүн 2023-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн каражат бөлүнүп берилсин.
3.Аталган долбоорду жүзөгө ашыруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына бекитилсин.
5.Бул токтом Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Бейшеналиев |