Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

2023-жылдын 27-январы № 11/3

Жаңы-Жол айылында жайгашкан оңдоп-түзөөгө муктаж болгон 1964-жылы курулган Ж.Мамытбеков мектебинин 2-корпусунун чатырын алмаштыруу жана күрөш залын оңдоп-түзөө долбоорун"артыкчылыктуу долбоор"-деп кабыл алып,долбоорду колдоо үчүн 2023-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн каражат бөлүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кочкорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:

 

1.Жаңы-Жол айылында жайгашкан 1964-жылы курулган Ж.Мамытбеков мектебинин 2-корпусунун чатырын алмаштыруу жана күрөш залын оңдоп-түзөө долбоору "артыкылыктуу долбоор" деп табылсын.

 

2.Аталган долбоорду колдоо үчүн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылыкы бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн каражат бөлүнүп берилсин.

 

3.Бул долбоорду ишке ашыруу Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөлгө алуу жагын Жаңы-Жол айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына бекитилсин.

 

 

5.Бул токтом Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

К.Бейшеналиев