ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-январы № 11/4
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы
Н.Үркүнбай уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XI-сессиясы токтом кылат:
1.Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү өздүк киреше:7247,6(жети миллион эки жүз кырк жети миңалты жүз)сом;
теңдөөчү грант:4789,0 (төрт миллион жети жүз сексен тогуз миң) сом кошулуп, жалпысы: 12036,6 (он эки миллион отуз алты миң алты жүз) сом суммасында №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүн №2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3.Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2024-2025-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджетинин трансферттеринин көлөмү №3-тиркемеге ылайык бекитилсин. Өздүк бекитилген киреше мурунку жылдардын фактыларына негиз бекитилсин.
4.Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга,калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалары белгиленсин.
5.Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландардын ар бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
6."Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө" мыйзамдын 21-статьясына негиз,жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1%га чейинки же болбосо 120,3(жүз жыйырма миң үч жүз) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
7.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-июлундагы №403- штат айыл башчы жана 2(эки) штат ВУС инспектору айлык акылары жетектөөчү адистин жана адистин айлык акысынын деңгээлинде бекитилип берилсин.
8.Ата-энелер төлөмдөрүнөн түшүүчү 514,5 (беш жүз он төрт миң беш жүз) сом акча каражаты 2023-жылга атайын каражаттар бөлүгүнө планга коюлсун.
9.Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Үркунбай уулуна милдеттендирилсин.
10.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
11.Токтом Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Бейшеналиев |