ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2023-жылдын 27-январы № 11/6
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылкы атайын каражатын бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Үркүнбай уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылга атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгү 65,0 (алтымыш беш миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жыл үчүн атайын каражаттын чыгаша бөлүгү атайын сметанын негизинде жумшалсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
4. Токтом Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Бейшеналиев |