КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VIII -сессиясы
2023-жылдын 31-январы № 3
Жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 30.12.2022-жылдагы №01-13/459 сандуу катын жетекчиликке алып Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Г.А.Акпаралиеванын берген маалыматын угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VIII -сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы №1 тиркемге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставынын айрым жоболорун турмушка ашыруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү жамааттын уставын белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана практикага киргизүү Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | А.А.Энназаров. |