РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XIX сессиясы (VI чакырылышы)
2022-жылдын 27-декабры № 5
Раззаков шаарына 2023-жылдын 1-январынан баштап мүлк салыгыны киргизүү жөнүндө
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарына 2023-жылдын 1-январынан баштап мүлк салыгыны киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинини 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүүгө макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана тиешелүү укуктук-ченемдик актыларына ылайык жүргүзүү жагы Раззаков шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
- Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Б.Т. Сапаев