Редакцияот 26.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

 

2022-жылдын 26-декабры № 65

Суу-Башы айыл аймагына мүлк салыгынын түрлөрүн киргизүү жөнүндө

Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 23-декабрындагы № 024/22/03-6/4144 чыгыш катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18- январындагы № 4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизуу жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

 

токтом кылат:

 

1.    2023-жылдын 1-январынан тартып салыктын төмөнкү түрлөрүнө мүлк салыгы киргизилсин:

 

1)    Турак жай имараттары жана жайлары;

2)    Турак жай эмес имараттар, курулмалар жана жайлары;

3)    Үйдүн жанындагы жер, короо-жай жана багбанчылык-чарбак участоктору;

4)    Айыл чарба жерлери;

5)    Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер;

6)    Ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштеген транспорт каражаттары.

 

2.    Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин бюджет комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага

 

А. Бөрүев