АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2021-жылдын 16-декабры № 97
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн каржы жана экономикалык бөлүмүнүн башчысы Каттабеков Абдилахат Бабаевичтин билдирүүсүн, айылдык кеңешинин каржы, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү максатында, Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХХI -сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 223-беренесинен 151 650 (бир жүз элүү бир миң алты жүз элүү) сом акча каражаты аппарат бөлүмүнүн 221-беренесине, балдар бакчасы бөлүмүнүн 221-беренесинен 185 000 (бир жүз сексен беш миң) сом акча каражаты аппарат бөлүмүнүн 221-беренесине , балдар бакчасы бөлүмүнүн 222-беренесинен 51 347 (элүү бир миң үч жүз кырк жети ) сом акча каражаты орто мектеп бөлүмүнүн 222-беренесине, орто мектеп бөлүмүнүн 221-беренесинен 10 360 (он миң үч жүз алтымыш)сом акча каражаты аппарат бөлүмүнүн 222-беренесине, орто мектеп бөлүмүнүн 223-беренсинен 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражаты аппарат бөлүмүнүн 222-беренесине, клуб бөлүмүнүн 222- беренесинен 20 000 (жыйырма миң)сом акча каражаты аппарат бөлүмүнүн 222-беренесине, клуб бөлүмүнүн 221-беренесинен 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты аппарат бөлүмүнүн 222-беренесине, китепкана бөлүмүнүн 221-беренесинен 28 716 (жыйырма сегиз миң жети жүз он алты) сом акча каражаты аппарат бөлүмүнүн 222-беренесине, китепкана бөлүмүнүн 222-беренесинен 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты аппарат бөлүмүнүн 222-беренесине, башталгыч мектеп бөлүмүнүн 221-беренесинен 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты башталгыч мектеп бөлүмүнүн 222-беренесине жылдырылып берилсин.
2. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин финансы, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Сай айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Талиев |