Редакцияот 28.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 28-декабры  № 18/57

Кызыл–Кыя шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө

      Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Републикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамына негиз жана шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022–жылдын 26–декабрындагы протоколун, мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 23-декабрындагы № 01-07/72 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын     3-беренесинин 2-пунктуна негиз Кызыл-Кыя шаарынын аймагына 2023-жылдын         01-январынан баштап мүлк салыгы киргизилсин. 

2. Мүлк салыгын убагында жана толугу менен топтоо жагы мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

Ж.Калматов