Редакцияот 31.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 31-январы № 6

Бел-Алды айылдык кеңешинин 2023-жылга карата өтүлүүчү сессияларынын иш мерчемдерин бекитүү жөнүндө

Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Багымбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы токтом кылат:

 

1. Бел-Алды айылдык кеңешинин сессияларынын 2023-жылга карата өтүлүүчү иш мерчеми бекитилсин.

 

2.Иш мерчемде бекитилген маселелерди алдын ала даярдалган таасирдүү кырдаалда өткөрүүнү уюштуруу жана өз убагында так аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңешке жана анын депутаттарына милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык bel-aldy.gos.kg сайтына жарыялансын.

 

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Айылдык

кеңештин төрайымы

 

Ж.Шарипова