БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2023-жылдын 31-январы № 4
Бел-Алды айыл аймагынын жашоочулары Самилов Медербектин, Мүсүралиев Мараттын балык чарбасын уюштурууга суу жээгинен жер тилкесин сурап жазган кайрылууларынын негизинде , жайытка тиешелүү суу жээгинен багытын өзгөртүп (трансформация) балык чарба уюштурууга макулдук берүү жөнүндө
Бел-Алды айыл аймагынын жашоочулары Самилов Медербектин, Мүсүралиев Мараттын балык чарбасын уюштурууга суу жээгинен жер тилкесин сурап кайрылган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы токтом кылат:
1. Самилов Медербектин Бел-Алды суусунун жээгиндеги жаңы курулган көпүрөнүн күн чыгыш тарабынан жайыт катары турган түз жерден 0,40га,батыш тарабынан 0,06 га жер аянтын балык чарбасын өнүктүрүү үчүн багытын өзгөртүүгө(трансформация) макулдук берилсин.
2 .Мүсүралиев Мараттын Торкен –Толук жолунун жээгиндеги капчыгайдын ичинде жайгашкан суусунун жээгиндеги жайыт жеринен 0,15га жер аянтын балык чарбасын өнүктүрүү үчүн багытын өзгөртүүгө (трансформация) макулдук берилсин.
3.Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө ”Мыйзамына ылайык bel-aldy.gos.kg сайтына жарыялансын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрайымы |
Ж.Шарипова |