Редакцияот 31.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 31-январы № 2

Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө

Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы Ж.Сартованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы токтом кылат:

 

1.Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы Ж.Сартованын берген маалыматтары айрым сунуштарды эске алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.

 

2.Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин көлөмү 4147,5 миң сом,теңдөөчү грант 7317,0 миң сом жалпы 11464,5 миң сом болуп бекитилсин.

 

3.Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин чыгаша бөлүгү 11464,5 миң бөлүп бекитилсин.

 

4.Айыл өкмөтүнүн резервдик фондусуна 2023-жылга 110,0 миң сомго бекитилсин.

 

5.Айыл өкмөтүнүн бюджетинин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелерди салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарын ар бир түрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна жана жайыт комитетине милдеттендирилсин.

 

6. Айылдык кеңешинин сессиясына уюштууруу, туруктуу комиссиялар менен иш алып баруу жана иш кагаздарын аткарууга жана башка чыгымдарын айыл өкмөттө каралган жергиликтүү бюджеттин беренелеринен жумшалсын.

 

7. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджетине жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Ж. Сартовага милдеттендирилсин.

 

8. Айыл өкмөтүнүн типтүү штат бирдиги 13 штат бирдик бекитилсин. анын ичинен 7 негизги штат болуп; бир айыл өкмөт башчы, бир жоопту катчы, бир каржы бөлүм башчы,башкы адис болуп; жер адис, салык инспектору, жетектөөчү адис; экономист-статист,адис болуп; соц адис эсептелсин. 1 ТОП,1 МОП жалпы 9 штат бирдиги, эки айыл башы Бел-Алды ,Коргон айылына ,ВУЗ кызматкерине 2 штат бирдиги болуп жалпы 13 штаттык түзүм бекитилсин.

 

9. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык bel-aldy.gos.kg сайтына жарыялансын.

 

10.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Айылдык

кеңештин төрайымы

 

Ж.Шарипова