Редакцияот 26.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ЖАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Жал айылдык кеӊешинин ХХIХ чакырылышынын кезексиз 14 - сессиясы

2022-жылдын 26-октябры № 21

Таштанды сорттоочу жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүү жөнүндө

Айылдык кеӊештин депутаттары 8-март участогундагы мурдагы таштанды төгүүчү жайдын ордуна жана жанына таштанды сорттоочу жай курууга жер тилкесин бөлүү тууралуу маселесин карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-беренесинин 2-пунктуна, 32-беренесинин 4-пунктуна таянып, Кара-Жал айылдык кеӊеши токтом кылат:

 

1.  8-март участогундагы мурдагы таштанды төгүүчү жайдын ордунан жана жанынан таштанды сорттоочу жай курууга 4,0 га жер тилкеси бөлүнсүн.

 

2.  Таштанды сорттоочу жай курууга бөлүнгөн жер тилкенин тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде бүтүрүү боюнча иштерди алып баруу айыл өкмөт башчы С.К.Баракановго милдеттендирилсин.

 

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Жумашов Р.О.