Редакцияот 12.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин VIII – чакырылышынын кезексиз 1-сессиясы

2023-жылдын 12-январы № 2

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып талкуулап депутаттардын Кең-Арал айылдык кеңешинин XXXХ - чакырылышынын кезексиз 1-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу №451 токтомун жетекчиликке алуу менен айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктери 11(он бир) бирдикте бекитилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын у.м.а. С.Темирбаевага жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары

Н.Сулайманкулова

 

Тиркеме № 1

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ

Кең-Арал  айыл өкмөтүнүн

башчысы ___________Б.Нурматов

 

12-январь 2023-жыл

“БЕКИТЕМИН”

Кең-Арал айылдык кеңешинин

төраганын орун басары

___________Н.Сулайманкулова

12-январь 2023-жыл

 

Кең-Арал  айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана

ШТАТТЫК САНЫ

 

Кызматтардын аталышы

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн калкынын саны 3894адам

2ден 5ке чейин

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы

1

Жооптуу катчы

1

Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы

1

Маалымат компьютердик технологиялар боюнча башкы адис

1

Социалдык маселелер боюнча башкы  адис

1

Экономика жана статистика боюнча  жетектөөчү адис

1

Киреше боюнча жетектөөчү адис

1

Жер,турак –жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис

1

Жыйынтыгы:

8

Өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча кызмат орундары

Адис - Аскердик –эсепке алуу столунун инспектору

1

Техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер: ТТК МТК

Кароолчу

1

Тазалоочу

1

Жыйынтыгы

2

Жалпы штаттык бирдиктин саны

11

 

Кең-Арал

айыл өкмөтүнүн

жооптуу катчысы

 

 

Н.Бейшеналиева