Редакцияот 23.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бириктирилген Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз I сессиясы

2023-жылдын 23-майы № 1

Бириктирилген Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85-Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги №87-Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177- Токтомун жетекчиликке алуу менен

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85-Жарлыгына ылайык «Чаек», «Кызыл-Жылдыз», «Көк-Ой» айыл аймактары бириккендигин, катышкан 41 депутаттардын 21 добушуна ээ болгондугун белгилеп бириктирилген айыл аймактарынын Чаек айылдык кеңешинин төрагасы болуп Жакыпов Аман Өмүрбекович шайланды деп табылсын;

2.  Бириктирилген Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары болуп Абаев Байзак Абаевич шайлангандыгы белгиленсин;

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Чаек айыл

аймагынын айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

А.Жакыпов