АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 24-февралы № 16
Акман айыл аймагындагы тазалык боюнча айыл аймактын иштелип чыккан жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндөгү” Жарлыгын ишке ашыруу үчүн Акман айыл аймагындагы тазалык боюнча айыл аймактын иштелип чыккан жобосун бекитүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылдын 24-январындагы №01-32/27 сандуу катын угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндөгү” Жарлыгын ишке ашыруу үчүн Акман айыл аймагындагы тазалык боюнча айыл аймактын иштелип чыккан жобосу бекитилсин.
2. Жобого негиз айыл аймактын тазалыгы боюнча иш алып барууу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин социалдык саясат жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Аталган токтом Акман айылдык кеңешинин www.akman.kg, веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Тилекеев |