Редакцияот 10.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 10-марты № 3

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тикелей жер берүү жөнүндө

Акназаров айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-мартындагы кезексиз 13-сессиясы жер жана муниципалдык менчик комиссиясынын төрагасы А.Коккозовдун маалыматын угуп, талкуулап токтом кылат:

 

1. Акназаров айылдык кеңешинин жер жана муниципалдык менчик комиссиясынын төрагасы А.Коккозовдун аталган маселе боюнча билдирүүсү эске алынсын .

 

2. Акназаров айыл аймагында кайра бөлүштүрүү фондундагы 7 гектар жер аз камсыз болгон жарандарга тикелей бөлүнүп берилсин .

 

3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси С.Исмаиловго милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана муниципалдык менчик комиссиясынын төрагасы А.Коккозовго жүктөлсүн.

 

5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага:

К.Жорготаев