Редакцияот 18.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы

2023-жылдын 18-февралы № 13-11

Нурабад айылдык кеңеши мекемесин мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө

Нурабад айылдык кеңеши мекемесин мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө кеңештин төрагасы А.Юсуповдун сунушу айылдык кеңештин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1. “ Нурабад айылдык кеңеши” мекемеси аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын:

 Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

 Мамлекеттик тилде: “Нурабад айылдык кеңеши” мекемеси

 Расмий тилде аталышы: Учреждение “Нурабадский айылный кеңеш”

 Юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы:

 Мамлекеттик тилде: “Нурабад айылдык кеңеши” м-е

 Расмий тилде аталышы: У-е “Нурабадский айылный кеңеш”

 

2. “Нурабад айылдык кеңеши” мекемесинин регламенти бекитилсин.

 

3. “Нурабад айылдык кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги өзгөртүлсүн: Ош облусу, Араван району, Нурабад айыл аймагы, Кайрагач-Арык айылы, К.Киргизбаев көчөсү, 54.

 

4. “Нурабад айылдык кеңеши” мекемесини кайра каттоодон Ош юстиция башкармалыгынан өткөрүлсүн жана кайра каттоодон өткөрүү жагы , айылдык кеңештин төрагасы Юсупов Аброрбек Мухтаржановичге жүктөлсүн.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Юсупов