Редакцияот 28.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз 14-сессиясы

2023-жылдын 28-марты № 14-01

Нурабад айыл аймагында Коомдук алдын алуу борборуну түзүү жана жобосун бекитүү жөнүндө

Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан калктуу конуштарында укук бузуларынын алдын алууну уюштуруу максатында комерциялык эмес уюмун Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары- КААБ) – түзүү жана жобосуну бекитип берүү боюнча Нурабад айыл өкмөтүнүн сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши, Токтом кылат:

 

1.   Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагында Коомдук алдын алуу борборуну (мындан ары- КААБ) жобосу бекитилсин.

 

2.   Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагында Коомдук алдын алуу борборунун комиссия курамы төмөнкүдөй түзүлсүн.

Д.Шамшидинов- айыл өкмөт башчысы, комиссия төрагасы

И. Саипов-Кайрагач-Арык айылы имамы, төрага орун басары

З.Шарабидинова- Айыл өкмөтүнүн башкы адиси, комиссия катчысы

Комиссия мүчөлөрү:

А. Юлбарсов-Кайрагач- Арык айылынын айыл башчысы

А. Игамназаров- Какыр-Пилтан айылынын айыл башчысы

М. Расулов- Лангар айылынын айыл башчысы

Х.Юнусалиев- Аксакалдар сотунун төрагасы

З.Гаипова- Аялдар кеңешинин төрайымы

А.Урманов- Кайрагач-Арык айылынын көчөлөр комитетинин төрагасы

К. Мамасаидов- Какыр-Пилтан айылынын көчөлөр комитетинин төрагасы

Н. Манапов- Лангар айылынын көчөлөр комитетинин төрагасы

Ү. Эшматов, Ш. Балтабаев, А. Жээнбаев-Аймактык тескөөчүлөр

3.   Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Юсупов