Редакцияот 28.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз 14-сессиясы

2023-жылдын 28-марты № 14-02

Нурабад айыл аймагындагы Кайрагач-Арык айылындагы муниципалдык менчиктеги борбордук стадион айланасына эгилген курулушка жарактуу болгон теректерди кыюу жөнүндө

Нурабад айыл аймагындагы Кайрагач-Арык айылындагы муниципалдык менчиктеги борбордук стадион айланасына эгилген курулушка жарактуу болгон теректерди кыюу жана З. Розахунова орто мектебине кошумча корпус курууга курулуш материалдары менен камсыз кылуу үчүн ажыратып берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши,Токтом кылат:

 

1.  Нурабад айыл аймагындагы Кайрагач-Арык айылындагы муниципалдык менчиктеги борбордук стадион айланасына эгилген курулушка жарактуу болгон теректерди кыюуга макулдук берилсин.

 

2.  З. Розахунова орто мектебинин кошумча корпус курулушуна кыйылган теректерди курулуш материалдары менен камсыз кылуу максатында ажыратып берилсин.

 

3.  Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Юсупов