Редакцияот 12.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы

2023-жылдын 12-майы № 15-01

Нурабад айыл аймагындагы саламаттыкты сактоо багытында алып барылып жаткан иштери жөнүндө

Нурабад айыл аймагындагы саламаттыкты сактоо багытында алып барылып жаткан иштери жөнүндө № 5 ҮДТ жетекчисинин маалыматы угулуп, айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1.  Нурабад айыл аймагындагы саламаттыкты сактоо багытында алып барылып жаткан иштери «Жакшы » деп табылсын.

 

2.  Жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүп, жардам берүүнү көзөмөлдөө №5 ҮДТ жетекчисине милдеттендирилсин.

 

 

3.  Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Юсупов