НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
2023-жылдын 12-майы № 15-02
Нурабад айыл аймагындагы калкты сугат суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө
Айыл чарба багытындагы жерлерди сугат суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө СПА( Суу пайдалануучулар ассоциациясы )башчысынын маалыматын жана депутаттардын сын-пикирлерин угуп, 2022-жылга карата кылынган иштери боюнча депутаттар тарабынан талкууга алынып, Нурабад айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Нурабад айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди сугат суу менен камсыз кылуунун абалы кемчиликтери менен “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Айыл чарба багытындагы жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу боюнча берилген тапшырмаларды аткаруу жана кемчиликтерди жоюу СПА жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |