НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
2023-жылдын 12-майы № 15-03
Нурабад айыл аймагындагы калкты таза ичимдик суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө
Нурабад айыл аймагындагы калкты таза ичимдик суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө ИСКАКБ ( Ичүүчү суунун керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирлешмеси) жетекчисинин маалыматы айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши , токтом кылат:
1. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы калкты таза ичимдик суу менен камсыз кылуунун абалы «Канааттандырарлык » деп табылсын.
2. Айыл аймактагы калкты таза ичимдик суу менен камсыз кылуу боюнча иштердин жүрүшүн жогорулатуу ИСКАКБ ( Ичүүчү суунун керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирлешмеси) жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |