Редакцияот 12.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы

2023-жылдын 12-майы № 15-06

Араван райондук РИИБнун аймактык тескөөчүсү милициянын майору У.Эшматовдун арызы жөнүндө

Аймактык тескөөчү милиция майору У.Эшматовдун Нурабад айыл аймагынын борборунда жайгашкан бильярдкана жана спирттик ичимдиктер сатуучу дүкөндүн иштөө саатын белгилеп берүү боюнча сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши , токтом кылат:

 

 

1.  Нурабад айыл аймагынын борборунда жайгашкан бильярдкана жана спирттик ичимдиктер сатуучу дүкөндүн жаз мезгилинде түнкү саат 21-00 гө чейин,кыш мезгилинде 20-00 гө чейин иштөө убактысы бекитип берилсин.

 

2.  Токтомдо көрсөтүлгөн убакытка чейин иш алып баруусун көзөмөлгө алып,тартипке салуу жагы аймактык тескөөчүлөргө милдеттендирилсин.

 

 

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Юсупов