НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
2023-жылдын 12-майы № 15-08
Нурабад айыл аймагынын тургундары жазган арызы жөнүндө
Нурабад айыл аймагынын тургундары Нурабад айыл аймагында мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен жерлер жана объекттер аныкталган учурда айылдык кеңеш тарабынан сотка даттануу менен кайрылуу боюнча жазган арызы айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурабад айыл аймагында мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен жерлер жана объекттер аныкталган учурда айылдык кеңеш тарабынан сотко даттануу менен кайрылууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |