Редакцияот 26.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV cессиясы

 

2023-жылдын 26-апрели № 31

Жер аянтынын башкы планын бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

              Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык,, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А.Дилишатовтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап жер аянтынын башкы планын бекитип берүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Бак айылындагы АВМ жана Жаны короо участкаларындагы мечит курулуучу жер аянттарынын башкы планын бекитип берүүгө макулдук берилсин.

2.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 

 

 

Айылдык кеңештин төрайымы                                                                                                                                                                                                                                                                            Ж.Шадиманова