Редакцияот 26.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV cессиясы

 

2023-жылдын 26-апрели № 33

Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы    145  "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, Бай-Кара-Бак айылына таза суу кампасын куруу үчүн жер аянтын которууга макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Бай-Кара-Бак айылынын №232-контурунда 0,10 га жайыт жер аянтын таза-суу кампа куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

2.Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын. 

 

Айылдык кеңештин төрайымы                                                                                                                                                                                                                                                                            Ж.Шадиманова