КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV cессиясы
2023-жылдын 26-апрели № 35
Сугат суу боюнча айып пул белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Д.Сапаровтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында сугат суу лоток, турба,канал, ж.б. атайын же башка себептер бузулса, жорук жасаган адам тарабынан келтирилген зыян баштапкы калыбына келтирилсин жана 5000(беш миң) сом айып пул салынсын.
2.Авто жолго суу ашырылса, жорук жасаган адам тарабынан жол баштапкы калыбына келтирилсин жана 2000 (эки миң) сом айып пул салынсын.
3.Ушул токтомду Айыл өкмөтүнүн аймагында аткарып иш алып баруу жагы тиешелүү СПА жетекчилерине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова