Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын

2023-жылдын 9-февралы № 85

Абды Суеркулов  айылдык кеңешинин айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына келип түшкөн жарандардын кайрылуусуна  жана аталган туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык жайыт жерлерин айыл чарба багытындагы жер категориясына бак тигүүгө жана өнөр жайы, транспорт категориясына трансформацияга макулдук берүү жөнүндө

Абды Суеркулов  айылдык кеңешинин айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына келип түшкөн жарандардын кайрылуусуна  жана аталган туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык жайыт жерлерин айыл чарба багытындагы жер категориясына бак тигүүгө жана өнөр жайы, транспорт категориясына трансформацияга макулдук берүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов  айылдык кеӊешинин  IX чакырылышынын  XXVI сессиясы карап жана талкуулап

                 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

Абды Суеркулов  айылдык кеңешинин айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясын туруктуу комиссиясына келип түшкөн жарандардын кайрылуусуна  жана аталган туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык  Торкен айылынын жайыт категориясындагы  3774, 3448, 3790 контурларынан 2,5га; 3784, 3936, 3938, 3935контурларынан 10,7га, 717контурунан 3га, Борду-Кыя участогунан 2767контурунан 0,70га жер аянттары айыл чарба багытындагы жер категориясына бак тигүүгө трансформацияга макулдук берилсин.

Туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык  Торкен айылынын жайыт категориясындагы 3791, 3777, 3776, 3780 контурларындагы 2га жер аянттары, Кара-Жыгач айылынын  Бишкек-Ош жолунун жээгинен айдоо жер категориясындагы 3468, 3469контурундагы  0,30га  жер аянты, 3528, 3529, 3527, 3468, 3526 контурундагы 2га жер аянттары өнөр жайы, транспорт категориясына трансформацияга макулдук берилсин.

Туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык  Торкен айылындагы Бишкек-Ош жолунун жээгиндеги 1410 контурундагы  0,03га жер аянты Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

Бул  токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.

Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жана www.torken.kg  веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.

Бул токтом www.torken.kg  сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.

 

Төрага

Таалайбек уулу К.