АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
2023-жылдын 9-февралы № 86
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясын туруктуу комиссиясына келип түшкөн жарандардын кайрылуусуна жана аталган туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык жайыт жерлерин өнөр жайы жана транспорт категориясына трансформацияга макулдук берүү жөнүндө
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясын туруктуу комиссиясына келип түшкөн жарандардын кайрылуусуна жана аталган туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык жайыт жерлерин өнөр жайы жана транспорт категориясына трансформацияга макулдук берүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XXVI сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Абды Суеркулов айылдык кеңешинин айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясын туруктуу комиссиясына келип түшкөн жарандардын кайрылуусуна жана аталган туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык Торкен айылындагы жайыт жерлерден 914-контурунан 2,3га жер аянтын өнөр жайы жана транспорт категориясына трансформацияга макулдук берилсин.
2.Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | Таалайбек уулу К. |