Редакцияот 19.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК – САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

2023-жылдын 19-майы № 386

Айылдык кеңештин кабинетине керектүү инвентарларды алу үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндө

Терек-Сай айылдык кеңешинин кабинетине керектүү инвентарларды алуу үчүн акча каражатын чечип берүү жөнүндөгү айылдык Кеңештин жооптуу катчысы Б.Анарбаеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Терек-Сай айылдык Кеңештин кабинетине керектүү инвентарларды сатып алууга 176 000 (бир жүз жетимиш алты миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек – Сай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.