ТЕРЕК – САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
2023-жылдын 19-майы № 387
Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин китепканасына керектүү инвентарларды алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин китепканасында китеп коюлуучу инвентарлардын эскирип, колдонууга жараксыз болуп калгандыгына байланыштуу керектүү инвентарларды алып берүү зарылдыгы боюнча аталган мектептин китепканачысы Т.Эргешованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин китепканасына жаны инвентарларды алып берүү үчүн 456 900 (төрт жүз элүү алты миң тогуз жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек – Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |