Редакцияот 19.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК – САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

2023-жылдын 19-майы № 388

Таза сууда иштеген кызматкерлердин айлык маянасын көтөрүү жана ремонт жасоо үчүн техника (электромуравей) алып берүү жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Таза сууда иштеген кызматкерлер айлыгы аз болуп, кетип калып жаткандыктан, аларды туруктуу иштетүү үчүн айлык маянасын көтөрүп берүү жана шаймандарын салып алып ремонт жасоого ынгайлуу шарт түзүү максатында бир техника (электромуравей) менен камсыздоо зарылдыгы үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндөгү айыл башчы М.Жолдошбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Таза сууда иштеген кызматкерлер айлыгы аз болуп, жумуштан кетип калып жаткандыктан, жумушчуларды туруктуу иштетүү үчүн айлыгына кошумча сыйлык катары 6 000 (алты миң) сомдон 8 (сегиз ) айга 2 (эки) жумушчуга 96 000 (токсон алты миң) сом жана шаймандарын салып ремонт жасоого ынгайлуу шарт түзүү максатында бир техника (электромуравей) менен камсыздоо зарылдыгы үчүн 160 000 (бир жүз алтымыш миң) сом акча каражаттары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек – Сай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.