Редакцияот 19.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК – САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

2023-жылдын 19-майы № 389

Мергенчилер жамаатынын иш чарасына акча каражатын карап берүү жөнүндө

Терек-Сай айылындагы мергенчилер жамааты тарабынан өткөрүлүүчү иш чараларына акча каражатын карап берүү жөнүндөгү мергенчилер жамаатынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.Терек-Сай айылындагы мергенчилер жамааты тарабынан өткөрүлүүчү иш чараларына 47 000 (кырк жети миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек – Сай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.