ТЕРЕК – САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
2023-жылдын 19-майы № 391
Терек-Сай айыл аймагында жашаган тургундардын коопсуздугунун алдын алуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда суу жээгинде жашаган тургундардын коопсуздугунун алдын алуу максатында, суу жээгин тосмолоо үчүн керектүү каражаттарды (арматура) алып берүү жөнүндөгү Терек-Сай айылынын тургундары: Жедигеров Курманбектин, Тагаев Эркиндин, Ботобаев Замирбектин, Мамасыдыков Алтынбектин, үйлөрүнө жарыктандыруу киргизүү үчүн мамыларды (столба) орнотуу, электр чубалгыларын алып берүү жөнүндөгү Ахмедов Жумабектин, Шырдаков Бейшеналынын кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылында суу жээгинде жашаган тургундардын (Жедигеров Курманбек, Тагаев Эркин, Ботобаев Замирбек, Мамасыдыков Алтынбек) коопсуздугунун алдын алуу максатында, суу жээгин тосмолоо үчүн 355 000 (үч жүз элүү беш миң) сом жана Ак-Терек айылдарында жашаган тургундардын (Ахмедов Жумабек, Шырдаков Бейшеналы) үйлөрүнө жарыктандыруу киргизүү үчүн мамыларды (столба), электр чубалгыларын алып берүү үчүн 75 500 (жетимиш беш миң беш жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек – Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |