ТЕРЕК – САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
2023-жылдын 19-майы № 392
Кызыл-Токой айылындагы спорт залга керектүү каражаттарды алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жайгашкан спорт залга керектүү каражаттарды алып берүү үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндөгү спорт залда машыккан балдардын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жайгашкан спорт залга керектүү каражаттарды алып берүү үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек – Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |