Редакцияот 19.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК – САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

2023-жылдын 19-майы № 395

Кызыл-Токой айылындагы Агартуу көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайдын айланасын көрктөндүрүү жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Агартуу көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайдын айланасын көрктөндүрүү максатында тамактануучу жайдын ээси Айтымат уулу Марсбектин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы Агартуу көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайдын айланасын көрктөндүрүү максатында 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек – Сай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.