Редакцияот 19.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК – САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

2023-жылдын 19-майы № 396

Кызыл-Токой айылынын тургунуна турмуш шартына байланыштуу үй салуусуна жардам көрсөтүү жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургуну Аширбекова Гульназдын үч баласы бар жалгыз бой эне, чоң баласы инвалид, аны карап, эч жерде иштөөгө мүмкүнчүлүгү жоктугун, балдардын жөлөк пул алуу менен гана турмуш кечирип жаткандыгын, турмуш шартынын оордугун эске алуу менен үй салып берүүгө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургуну Аширбекова Гульназдын үч баласы бар жалгыз бой эне, чоң баласы инвалид, турмуш шартынын оордугун эске алуу менен үй салып алуусуна жардам көрсөтүү үчүн курулуш материалдарын алып берүүгө 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек – Сай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.