Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК – САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

2023-жылдын 5-июну № 398

Терек-Сай айыл аймагында жашаган тургундарга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын Горняк-2 көчөсүнүн тургундары: пенсионер Пономарева Умугульсиндин ден соолугуна байланыштуу дарыланууга жана Адиева Нурзаттын 2018-жылы туулган кызы Азатбекова Сабина тез-тез ооруп, диагнозу так чыкпай жаткандыктан, берилген жолдомо кагазына ылайык Бишкек шаарынан диагносторун так чыгартуу жана дарылатуу зарылдыгына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын Горняк-2 көчөсүнүн тургундары: пенсионер Пономарева Умугульсинге ден соолугуна байланыштуу дарыланууга 40 000 (кырк миң) сом жана Адиева Нурзатка 2018-жылы туулган кызы Азатбекова Сабина тез-тез ооругандыгына байланыштуу Бишкек шаарынан диагносторун так чыгартуу үчүн жана дарылатуу үчүн материалдык жардам катары 40 000 (кырк миң) сом акча каражаттары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4.Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек – Сай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.