Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК – САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

2023-жылдын 5-июну № 399

“Ысык-Көл досторун чакырат-2023” ХIII эл аралык этнокарнавалына катышуучуларга акча каражатын карап берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 20.02.2023-ж № 599/1 буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын жана “Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө ” Концепциясын ишке ашыруу алкагында “Ысык-Көл досторун чакырат-2023” ХIII эл аралык этнокарнавалына катышуучу 8 бий ийримине катышкан окуучу кыздарга уюштуруу төлөмдөрү үчүн 88 000 сом акча каражатын караштырып берүү жөнүндөгү Чаткал райондук балдар чыгармачылык үйүнүн Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебиндеги филиалынын бий ийриминин жетекчиси К.Аликееванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын жана “Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө ” Концепциясын ишке ашыруу алкагында “Ысык-Көл досторун чакырат-2023” ХIII эл аралык этнокарнавалына катышуучу 8 (сегиз) окуучуга 88 000 (сексен сегиз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4.Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек – Сай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.