Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК – САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

2023-жылдын 5-июну № 401

Терек-Сай айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставын бекитип берүү жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагынын жаңы редакциядагы Жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставын бекитип берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.Терек-Сай айыл аймагынын жаңы редакциядагы Жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставы бекитилсин.

 

2.Терек-Сай айыл аймагынын жаңы редакциядагы Жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставы бекитилгендигине байланыштуу Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынан кайра каттоодон өткөрүлсүн.

 

3.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын жопптуу катчысы М.Көлбаевага милдеттендирилсин.

 

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер, укук жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

5.Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек – Сай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.