ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезексиз ХVIII (он сегизинчи) сессиясы
2023-жылдын 6-июну № 135XVIII-28
Ысык-Ата айыл аймагынын Норус айылынын Келечек көчөсүн “Тыныскожоев Адилет” ысымын ыйгаруу жөнүндө
Норус айлынын тургундарынын 23жылдын 05- июнунда түзүлгөн протоколунун негизинде Келечек көчөсүн “Тыныскожоев Адилет” ысымын ыйгаруу боюнча Ысык-Ата айылдык кеңешинин макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагында жайгашкан Норус айылынын Келечек көчөсүнө “Тыныскожоев Адилет” ысымы берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнун башчысына жүктөлсүн жана социалдык иштер боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |