Редакцияот 06.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезексиз ХVIII (он сегизинчи) сессиясы

2023-жылдын 6-июну № 138XVIII-28

Ысык-Ата айыл аймагында корктөндүрүүнү, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “улуттук тазалык куну жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштертүү боюнча натыйжалуу инфраструктураларды түзүү боюнча иш-араркеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын 5-пунктун аткаруу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы №262 “айыл аймактарынын жана шаарлардын аймагында корктондүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүү жөнундө” буйругун жетекчиликке алып, маселени карап жана талкуулап, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ысык-Ата айыл аймагында көрктөндүрүүнү, тазалыкты жана тартипти сактоо Эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом каттодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Кыргыз республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер, турак жай жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж.Бейшекеев