Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 31-марты №30

Бекмолдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2021-жылдын №29,  №30 сандуу токтомдорун кайрадан бекитүү жана өгөртүү киргизүү жөнүндө

Бекмолдо айыл аймагындагы Кеңеш жана Чоң-Токой айылдарында 2023-жылдын 26-мартында   болуп өткөн жалпы айыл тургундарынын жыйынынын чечиминин карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин    кезексиз  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1 Бекмолдо айылдык кеңешинин сессиясынын 2021-жылдын 22-январындагы №29, №30сандуу токтомдоруна кайрадан бекитүү  жана өгөртүү киргизилсин.

2.Кеңеш  айылына 75-орундуу бала бакча салуу үчүн  Г.Орозалиева атындагы орто мектебинин  социалдык обьектилерге бөлүнгөн  жеринен  0,38га жер тилкеси  бөлүнүп берилсин жана керектүү иш кагазадары бүткөрүлсүн.

3.Чоң-Токой  айылына   75-орундуу эки кабаттуу типтүү  бала бакча салынсын,  жер тилкеси аныкталсын жана керектүү иш кагаздары бүткөрүлсүн.

4.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевге милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

С. Осмонов