Редакцияот 28.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Лейлек айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги VI сессиясы

2022-жылдын 28-февралы № 6/01

Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын 2021-жылга карата иш планын бектүү жөнүндө

Лейлек айылдык кеңешинин 2021-жыл ичинде өткөрүлө турган сессияларынын иш-пландары тууралуу айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Убраимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын 2022-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин;

 

2. Айылдык кеңештин ар бир туруктуу комиссиялары бекитилген иш-пландын негзиниде өз пландарын түзүп, сессияда каралуучу маселени отурумунда карап, материалдарын даярдап, сессияга алып чыгуу жагы тапшырылсын;

 

3. Сессиянын күн тартибинде каралуучу маселе туруктуу комиссиянын отурумунда каралбаса, маселе күн тартибинен алынып, кийинкиге жылдырылсын.

 

4. Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын 2022-жыл ичинде кабыл алган токтомдору айыл аймактын жалпы калкы Кыргыз тилинде гана иш-кагаздарды жүргүзгөнүн эске алуу менен мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.

 

4. Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын протоколдук тапшырмаларынын, кабыл алган токтомдорунун аткарылышына жалпы талдоо жана анализ жүргүзүп, айылдык кеңештин сессиясында маалымат берүү жагы депутаттардын этика, мыйзамдуулук, укук, депутаттык иш жана мандат маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын;

 

5. Ушул токтом айылдык кеңештин каттоосунан өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн leilek.org.kg веб сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б. Исаковго калтырылсын.

 

Төрага

Т. Мукарамов.