Редакцияот 28.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Лейлек айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги VI сессиясы

2022-жылдын 28-февралы № 6/04

Лейлек айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жыл ичинде аткарылышы жана 2022-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

Лейлек айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы, Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан 2022-жылга берилген контролдук цифра боюнча Лейлек айылдык өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Р. Шамаевдин билдирүүсү менен Лейлек айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын кабыл алган чечимин угуп, Лейлек айыл өкмөтүнүн 2022-жылгы бюджети “Кыргыз Республикасынын 2022-жылгы республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде түзүлгөндүгүн белгилеп, жогорудагылардын негизинде Лейлек айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Лейлек айыл өкмөтүнүн 2021-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл ичинде өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен жалпы 12671,1 миң сом эсебинде киреше жана чыгашалары №1-2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Лейлек айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин киреше жана чыгашалары 10824,5 миң сом өлчөмүндө № 3-4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

3. 2022-жылга Республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү гранттардын өлчөмдөрү каралып, биринчи кезекте эмгек акы, социалдык фондго, көмүргө чыгымдала тургандыгы белгиленсин, алардын өлчөмдөрү №5 тиркемеге, жергиликтүү салыктын нормативдери №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

4. 2022-жылдын 1-январына бюджеттик каражаттардан калган 1 076 900 (бир миллион жетимиш алты миң тогуз жүз) сом акча каражаттарынын сметасы №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

5. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Лейлек башкармалыгынын казына бөлүмү аркылуу Лейлек айыл өкмөтүнүн аймагынан чогулган салыктар, жыйымдар жана атайын каражаттар айыл өкмөтүнүн эсебине топтоштурулуп, чыгымдалышына жетишилсин. Айыл өкмөтүнүн админстрациясына жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү боюнча иш чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү жагы тапшырылсын.

 

7. 2022-жылга Лейлек айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдарын каржылоо, анын киреше бөлүгүнүн аткарлышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин, анын ичинен биринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (эмгек акыларды төлөө, социалдык фондго чегерүү, комуналдык кызматтарга) жумшалсын.

 

8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Лейлек айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдык клубдар, китепканалар, социалдык коргоо жактан жеңилдиктер, граждандык коргонууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.

 

9. Лейлек айыл өкмөтүнүн 2021-жылда каржыланбай калган чыгымдары 2022-жылга каралган бюджеттин чегинде каржылансын.

 

10. Лейлек айыл өкмөтүнүн бюджетине киргизилген өзгөртүүлөр билдирүүнүн негизинде аткарууга алынаары белгиленсин.

 

11. Лейлек айыл өкмөтүнүн 2021-жылга каралган бюджети 2022-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.

 

12. Лейлек айыл өкмөтүнүн бюджетинин үнөмдөлгөн суммалары айыл өкмөтүнүн буйругунун жана справка-уведомлениесинин негизинде башка статьяларга жылдырылып, чыгаша кылуу жагы камсыздалсын.

 

13. Ушул токтом айылдык кеңештин каттоосунан өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн leilek.org.kg веб сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

14. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет-экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

Т. Мукарамов